Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Жүзүмаалы Асылбаев атындагы№28 Каркыра жалпы негизги билим берүү мектебинин анотациясы.

Алгачкы мектеп 1954-жылы 1-сентябрда  Санташ ферма №3 айылында эн биринчи 3 жылдык башталгыч мектеби болуп ачылган.  Айыл кичине болгондуктан окуучулардын саны 17 гана болгон. Эн биринчи ушул мектепте Жүзүмаалы Асылбаев агай эмгектенип баштаган. Ал ошол үч классты эртең менен жана түштөн кийин да убактысын бөлүп окуткан. Ошол кездеги мектеп эки бөлмөлү, жалгыз печкасы бар болгон. Жүзүмаалы агайыбыз 1951-1953-жылдары Пржевальск  шаарындагы М.Л. Дмитриев атындагы мамлеккеттик тарых факультетин бүтүрүп келген. Ал 1954-1961- жылга чейин ушул мектепте мугалим болуп үзүрлүү эмгектенип,1961-жылы Санташ айылдык советинин председатели болуп иштеп кеткен.

1961-1970-жылдары мектепте Сарыкөбөнов Эсенкан жана Дүйшеев Кадыр агайларыбыз эмгектенип, булл мектепти «Каркыра» мектеби деп аталып, 7 (жети) жылдык мектеп кылып, кайрадан уюштурулган. 1964-жылдары Каркыра айылында Башталгыч класстар филиалы уюштурулуп жана ушул күнгө чейин мектептин филиалында окуу процессии жүрүүдө.  1970-жылы мектеп 8 (сегиз) жылдык толук эмес билим берүү мектеби деп уюшулуп, директору Шарапов Дөөлөс агай иштеген. Ушул мезгилдер демугалим, окуучулардын саны көбөйгөн.

1972-жылдары малчылардын балдарынын билим алуусун камсыз кылуу максатында булл мектепке жатак  интернат  ачылган. Балдар Каркыра айылынан келип, жатак интернатка жатып окушкан. Жатак интерната окуучулардын саны 40ка жеткен.

1975-жылы мектептин директорлугуна Каниметов Жанкороз агай келип иштеди. Бул мезгилде айылда жашаган элдердин саны көбөйүп, балдардын саны 67окуучуга жеткен. Мугалимдердин саны 15ке жетип, балдарга билим-тарбия берип келишти. Жанкороз агай иштеп турган учурда окуу-тарбия иштери жана билим сапаты боюнчаТүп районундагы алдынкы мектептердин катарынан орун алган. Мындай алдынкы көрсөткүчтөрдө Каниметов Жанкороз агайдын эмгеги зор. Ошол мезгилде мектепте иштеген ардагер мугалимдерибиз: Эл агартуунун отличтери Мусабаева Бурулуш, МусталиеваРахима, Сулайманов Бактыкожо, Субатаева Күмүшкан, Тониев Жаныбек агайларыбыз иштеп,  ардактуу эс алууга кетишкен. Азыркы учурга чейин талыкпастан үзүрлүү эмгектенип келишкен эжейлерибиз:Манапова Керез жана Телтаева Жүзүмкан эжейибизЖ. Каниметовичтин шакирттери десек жанылышпайбыз.

Каниметов Жанкороз агай КР ЖК 3жолу депутат болуп,КР  Билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер, педагогика илимдеринин доктору, профессор болгон.

1980-2003-жылдар аралыгында мектептин директору болуп, Даабаев Нуркалый, Токталиев Эсенкан, Рыскулов  Жыргалбек, Батырбаев Марат агайлар иштеген. Ушул мезгилдерде мектепти 227 окуучу аяктап, колуна күбөлүктөрүн алып, мектепти бүтүрүп кетишти. Ушул мектептен билим алган окуучуларыбыздын көпчүлүгү билим берүү жаатында, айыл чарбасында жана башка кесиптерде эмгектенип келе жатышат. Учурдагы мектептин имараты 1978-жылы стандарттуу 8 класс комплекке эсептелип салынган.

Мектеп район борборунан 56км алыстыкта жана деңиз денгээлинен 1300метрден  жогору, ал эми мектептин Каркыра айылындагы башталгыч класстын филиалы район борборунан 69 км алыстыкта жана 2200 м бийиктикте Казакстан мамлекети менен чектешкен тоолуу аймакта жайгашкан.

2004-жылы  Каркыра толук эмес орто мектебин алгачкы уюштурган Жүзүмаалы Асылбаев агайыбыздын аты очпосун деп анын аты коюлуп, Кыргыз республикасынын Билим берүү боюнча мыйзамынын негизинде  Жүзүмаалы Асылбаев атындагы №28 Каркыра жалпы негизги билим берүү мектеби деп аталып келүүдѳ. Жүзүмаалы агайдын балдар-кыздары ушул күндѳрдѳ мектептин материалдык базасын чындоодо ѳздѳрүнүн салымдарын кошуп келүүдѳ.

2003-2019-жылдары мектептин директору болуп ушул мектептин бүтүрүүчүсү Дуйшеев Кемел Кадырович жана Кемел агайдын окуучусу Конурбаева Айнура Океновна иштеп келишти.

2019-2020-окуу жылынан тарта  Алиев Урмат Жакшылыкович мектептин директорлук кызматын аркалап келатат.

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин  усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета